КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА (#15443)

О, менин Кудайым, менин Төрөм, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин пендең Өзүңдүн камкордугуң жана коргооңду сурап жалбарып, Сенин ырайымдуулугуңдун мекенинен уйку издейт, Сенин жыргалыңдын түндүгү алдында эс алууну эңсейт. 
Өзүңдөн суранам, О, менин Теңирим, Сенден башканы көрбөгүдөй кылып менин жанарымды Өзүңдүн чырм этпеген көзүң менен корго. Менин көздөрүмө көрөгөчтүктү бер, алар Сенин Жышаандарыңды аңдап-таанып жана Сенин Ачылмаңдын Көк мейкинин көрө алгыдай болсун. Өз Кудуреттүүлүгүңдүн далили алдында күчтөрдүн күчүн титиреткен - бул Өзүңсүң. Бардыгынан Күчтүү, бардыгын Багындыруучу, Шартсыз, Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА (#15444)

О, Кудайым, айланайын Кудайым, Сенден алыс калып алсырагандар өзүңдөн ажырап көз ирмебей жаткан кезде мен кантип уктоого бет алам? Сени сүйгөн жандар Өзүңө жете албай кыйналып турганда мен кантип жайбаракат эс алам? О, менин Теңирим, өз рухумду, бар болгон жашоомду Өзүңдүн кудуретиңе жана коргооңдун колдоруна тапшырдым, Өзүңдүн күчүң менен башымды жаздыка коюп, Сенин эркиңе жана Сенин ырайыңа ылайык кайра ойгоном. Сен, акыйкатта, Сактоочусуң, Коргоочусуң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.	
Өзүңдүн Кудуретиң менен ант этем! Түшүмдө да, өңүмдө да, Сен эмнени кааласаң, ошону гана сурайм. Мен Сенин пендеңмин жана Өзүңдүн колуңдамын. Өзүңдүн эркиңдин жыпарын тараткан нерсени гана жасоого мага ырайым эт. Бул, акыйкатта, менин жана сага жакын болгондордун жалгыз үмүтү. О, ааламдардын Теңири, Сага алкоолор болсун!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

КЕЧКИ ЖАНА ТYНКY ДУБА (#15445)

*О, акыйкатты издөөчү! Эгер Кудай сенин көзүңдү ачсын десең, Ага жалбарып, сыйынып жана түн ортосунда төмөнкүдөй сөздөр менен суранышың керек: 
О, Теңирим, Сенин биримдик Падышалыгыңа карай жүзүмдү бурдум жана Сенин ырайымыңдын деңизине чөмүлдүм. О, Теңирим, ушул караңгы түндө Сенин отуң менен назарымды жарык кыл жана ушул ажайып кылымда Сенин сүйүүңдүн шарабы менен мени бакытка бөлө. О, Теңирим, Өз чакырыгыңды мага угуза көр жана даңкыңдын жарыгын көрүш үчүн, сулуулугуңа ашык болуум үчүн,  асманыңдын дарбазасын менин ажарымдын алдында кеңири ач. 
Акыйкатта, Сен Берүүчүсүң, Мартсың, Ырайымдуусуң, Кечиримдүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

